Жол кызматында 47 жылдан бери иштегенин айткан жаран президентке кайрылды

Социалдык тармактарда Бишкек-Торугарт жолунда жайгашкан Кара-Үңкүр тилкесинде 47 жылдан бери жол тейлөө кызматында иштеп келген адамдын кайрылуусу тарады.

Анда жаран аталган аймакта электр энергиясы, мобилдик байланыш жок экенин айтып, жадакалса радио да тартпай турганын айткан.

Ошондой эле ал шарттын жоктугунан аталган аймакта үйлөр ээн калып, 5-6 эле үй-бүлө калганын кошумчалаган.