Жол тескөөчү дүкөндөгү жоругунан кийин кызматынан кол жууду

Социалдык тармакта жол тескөөчүнүн дүкөндөгү видеосу тараган. Видеонун автору кызматкер аз сандагы банандын баштыгын таразага тартып, кийин жанындагы көп сандагы бананды баштыкка салып, бирок жеңил салмактагы банандын баасын оор салмактагы баштыкка чаптап койгонун айтат.

Супермаркеттин кызматкери инспектор бул дүкөнгө көп келерин белгилеген. Чүй облусунун Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген. 

ИИМден маалымат таратып, кызматкер ээлеген кызматынан бошотулганын билдирди.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Чүй облусунун Чүй РИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү милициянын старшинасына өзүнүн кыймыл-аракети менен кызматтык милдеттерин так аткарбай, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аброюна шек келтиргени үчүн укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын ИИМдин буйругунун талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн “Ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу” тартиптик жазасы жарыяланды.

Ошондой эле, өзүнүн кыймыл-аракети менен кол алдындагы кызматкерлерге тарбиялык иштерин начар жүгүзүп, кызмат өтөөсүн жеткиликтүү деңгээлде көзөмөлдөбөгөн анын башчысына Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн “сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланды», — деп айтылат маалыматта.