Жол тескөөчүлөр «дем жетпей, кыйналып жатам» деген адамды ооруканага жеткиришти (видео)

Жайыл РИИБдин жол тескөөчүлөрү айдоочунун өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

«9-август күнү болжол менен саат 11:30 чамаларында Кара-Балта шарынын Памир-Тольятти көчөсүндө кызматкерлер кызмат өтөп жаткан учурда 1973-жылы туулган айдоочу жардам сурап кайрылган. Ал дем ала албай кыйналып жатканын билдирген. Кызматкерлер ыкчам аракеттерди көрүү менен Кара-Балта шаарынын аймактык ооруканага коштоп жеткиришип, алгачкы жардам көрсөтүшкөн»,- деп айтылат маалыматта.