Жол тескөөчүлөр таксиде ооруган адамга жардам көрсөтүштү (видео)

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери таксинин ичинде ооруп жаткан жаранга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

25-июнь күнү саат 22:10 чамасында Алмата-Бишкек-Ташкент унаа жолунун 233-чакырымында жол тескөөчүлөр жолдо бара жаткан учурда Ниссан Марч үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу токтоп, кызматкерлерден жардам сураган. Унаадагы жарандын жүрөгү ооруп, оор акыбалда экенин айткан. Ошол замат кызматкерлер жаранга биринчи жардам көрсөтүп, Чүй облусунун ооруканасына коштоо менен жеткиришкен.