Саммит учурунда толготкон келин патруль менен төрөтканага жеткирилди

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери толготуп жаткан келинди төрөтканага жеткирди. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришти.

«Саммит учурунда саат 10:00 чамасында Бишкек-Манас унаа жолунда Дача-СУ аймагынын жанынан Хонда СРV үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ошол аймакта кызмат өтөп жаткан Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жатышкан кызматкерлерге жардам сурап кайрылган. Анда унаадагы келини төрөт үйүнө бара жатып кыйналып жаткандыгын айтып, төрөтканага жеткирип коюуну өтүнгөн. Ошол замат кызматкерлер рация аркылуу жетекчилике чыгып, коштоп жүрүүгө уруксат алып, келинди Бишкек шаарынын №6 төрөт үйүнө коштоо менен жеткиришкен. Кийин айдоочу келини аман-эсен көз жарып алгандыгын айтып, Чүй облусунун кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген», — дешти.