Жол тескөөчүлөр түлөө өткөрүштү (сүрөт)

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамынын демилгеси жана жарандардын колдоосу менен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында жана кызматтык милдетин аткаруу учурунда кырсыкка кабылган Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Арзыбаев Элистандын тез арада сакайып кетишин, амандыгын тилеп, ошондой эле кечээ сел алып жаратылыш кырсыгына кабылган Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылынын тургундарынын амандыгына арналып түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

«Бул иш-чарага өздүк курам, коомчулук, диний кызматтын өкүлдөрү, Чолпон-Ата шаарында КМШ өлкөлөрүнүн Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн кароо-сынагына катышып жаткан Тажикстан, Өзбекстандын өкүлдөрү катышты», — дешти.