Жол тескөөчүлөргө баш ийбей талааны көздөй качкан мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Көк-Жар айылынан Subaru Impreza үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок айдоочусу кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей, 7-Апрель көчөсү менен жогору Ала-Тоо совхозуна чейин унаасын токтотпой качкан.
Атайын ротанын ыкчам аракетинин натыйжасында, аталган унаа Ала-Тоонун ээн талаасында кармалып, текшерүү учурунда айдоочу мас абалында экендиги аныкталган.
Баш ийбей качкандыгы үчүн 5500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Эми бул айдоочу соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан ажыратылат.