Жол тескөөчүнү көз боёмочулукка айыптап, видео таратышты

Социалдык тармакта жол тескөөчүнүн дүкөндөгү видеосу тарап жатат. Видеонун авторунун айтымында, кызматкер аз сандагы банандын баштыгын таразага тартып, кийин жанындагы көп сандагы бананды баштыкка салып, бирок жеңил салмактагы банандын баасын оор салмактагы баштыкка чаптап койгонун айтат.

Супермаркеттин кызматкери инспектор бул дүкөнгө көп келерин белгилеген.