Жол тыгында зериктирбей, автобустагы жүргүнчүлөрдүн маанайын көтөргөн жигит (видео)

Социалдык тармакта жол тыгынында турган автобуста ырдаган жигиттин видеосу тарады. Интернет колдонуучулар тыгында турганда жүргүнчүлөрдүн маанайын көтөргөндүгү үчүн ырчыга ыраазычылык билдиришкен.

Видеодогу жарандын кыргызстандык ырчы, Москвадагы Романсиаданын катышуучусу Кубанычбек Атамбаев экени маалым болду. Ырчы журналисттерге билдиргендей, бул 3-сентябрда «Ала-Тоо» аянтында өткөн концерттен кийин болгон.