«Жолдор жабылат». Бишкекте велосезон 7-апрелде ачылат

Бишкекте велосезон 7-апрелде ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Веложүрүш Ден соолук паркында саат 10:00дө башталат. Каттоо саат 09:00дөн 09:45ке чейин жүргүзүлөт. Катышуучулар «Ала-Тоо» аянтында жыйынтыкташат.

Спорттук иш-чаранын Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти «Вело friends позитив kg» коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурууда. Жол жүрүү маршруту төмөндөгү схема боюнча жабылат.