«Мурдагы жолдошум кызыл жаян кылып сабап, эс-учумду жоготуп жыгылганда чака менен суу чаччу» дейт көзү азиз келин

Бишкектин быжыраган эл чогулган базарларын кайыр сураган кишилерсиз элестетүү кыйын. Көпчүлүк алардын тагдырына кызыгып көрбөсө керек. Дал ошондой тагдырга туш болгон Айжан Иманалиева өзүнүн жашоосу тууралуу айтып берди.

Ал 15 жашында турмушка чыккан. Ал мунун себебин чоң сүйүүгө кабылганы менен байланыштырат. Тилекке каршы жолдошу каза болуп калган. Андан соң 2 жолу турмуш курган. Учурда 6 баласы бар. Ал каза болгон жолдошун жылмаюу менен эскерет. Себеби дал ошол жолдошу каза болгон соң, каарманыбыз татаал жашоого туш болгон. Дегенибиз, экинчи ирет турмушка чыгып, ур-токмокко туш болсо, учурдагы жолдошунун жакындары аны кабыл алган эмес.

«Ал жолдошум мени аябай сабачу. Ур-токмоктон, канга боёлуп эс-учуман танып калганда, чака менен суу чачып эсиме келтирчү. Ал кезде мен чала көрөт элем. Палас канга толуп, көлкүлдөп калат эле. Мен ал жолдошумду жек көрчүмүн. Мен мындай тагдырды эч бир кызга каалабайм. Аял кишиге кол көтөргөн эркек — эркек эмес деп ойлойм. Азыркы жолдошумдун туугандары мени кабыл алышкан жок. Азыр деле «6 баласы бар, көзү көрбөгөн аялды биздин балабыз алабы? Мөлтүрөгөн өзүнө окшогон кыз алышы керек эле» деп жаман көрүшөт», — дейт келин.