«Жолдошум менен кызым көз жумган оору менен 11 жаштагы уулум да ооруп жатат» дейт эне

SUPERTV каналынын бул жолку каарманы 11 жаштагы Алишер. Ал спорттун чуркоо түрүнө кызыгат, бирок башка балдар сыяктуу күн сайын мектепке барып билим алууга анын мүмкүнчүлүгү жок. Баланын атасы да, 21 жаштагы эжеси да дал ушул боор оорудан көз жумган. Оору аны төрт дубалдын ортосуна байлап койгонуна он жыл болгонун айткан анын апасы уулунун жанынан чыкпай, үзүлүп-түшүп караарын айтат.

«5 балам бар. 21 жаштагы кызым каза болуп калды. Бир жыл болду. Дарыгерлер 3 айда операция кылыш керек дешкен. Бирок 3 айга жетпей эле кызым көз жумду. Жолдошумдун каза болуп калганына 2 жыл болду. Эми минтип балам да боор оорусу менен ооруп жатат. Индиядан операция жасатуу зарыл экен. Ага 3 миллион сом керек экен. Каражатыбыз жетишпей жатат. Болгон акчабызга 6 ай сайын дарыгерлерге көрүнүп турабыз. Анализ тапшырып, такай дары ичебиз», — дейт ыйлаган эне.