«Жолдошум менин жакын адамым менен жүрүп кетти» дейт унаанын газы жарылып, күйүп калган келин

Биздин бул жолку каарманыбыз 27 жаштагы Ырыскүл Съездбек кызы. Ал былтыр газ менен жүрүүчү унаада бара жатканда жолдошу чеккен тамекинин учкунунан жалын тутанып, газ жарылып, денесинин 80 пайызы күйүп калганын айтат. Съездбек кызы “Ошол окуядан соң бети-колум жагымсыз болуп, манжаларым бирине-бири жабышып калды. Ушундан улам, жолдошум мени чанып, сиңдиме кетип калды” дейт.

«Тойдон чыкканбыз. Экөөбүз эле болчубуз. Газ жыттанып жаткан. Күйөө тамеки чегем деп, зажигалка күйгүзгөндө өрт чыгып кетти. Чыгалбай калдык. Унаанын эшиги бекилип калды. Мен тараптагы эшикти тээп ачты. 2-3 унаа токтоп калыптыр. Аларга барып, «курткамды чечип койгулачы» десем, урушуп коюшту. Биринчи жардам алганы өзүбүз бардык. 

Ооруканада 2 айдай жаттым. Жолдошум 10 күндө эле жакшы болду. Аябай кыйналдым. Эки баламды ойлодум. Ооруканадан чыккан соң, элге көрүнгүм келбей жүрдүм. Жолдошум башында жакшы болчу, кийин өзгөрүп кетти. Жолдошумду жаңы жылдын алдында кармадым. Өз көзүм менен көрдүм. Ошондо түңүлдүм. Ал менин жакын адамым менен жүрүп кетти. Ал адамды жашоомдон чийип койгом»,- деди ал.