«Жолдошум сабап, тамеки басып, үйдөгү челекке заара ушаткан күндөрүм болгон» дейт келин

SUPERTV’нын бул жолку каарманы Жаркынай Сатыкулова. Ал 42 жашта. Келин  ажырашкандан уялып, жолдошунун ар кандай кемсинтүүсүнө чыдап жашаганын айтат. «Жолдошум колума тамеки басып, шылдыңдачу» дейт ал.

«Мен Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулуп-өскөм. Чоң энемдин колунда тарбияландым. Үйдүн эркеси мен элем. Тагдырым дал ушундай болуп калат деп эч ойлогон эмесмин. Мен эл алдына кыздарымдын келечеги үчүн чыгып жатам. Жалгыз болсом, өзүмдү эптесем да, бакмакмын. Жашай турган туруктуу үйүм жок. Жөлөк пул, пенсия албайм. Ушуга чейин эч кимден, эч нерсе алган эмесмин. Кыздарымды чоңойтуп, окуттум. Эми эң кичүүсүн кантип окутам деген ой-санаада жүрөм. Ошону ойлонуп жатып, оорукчан болуп калдым. Ошол үчүн иштей да албайм», — дейт көзүнө жаш алган келин.

Анын айтымында, өткөөл курактагы кызы башка кыздардай болуп кийинип жүргүсү келет. Бирок анын мүмкүнчүлүгү жок болгонуна байланыштуу кызынын суранычын аткара албайт. «Кызым «баары жакшынакай кийинет, алардын ата-энеси мындай, тигиндей кийинет» деп айтып келет. Башканын кыздары бой көтөрүп басса, менин кызым башын салып басат экен. Мен негизи 19 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум байланышпайт, чалсам албайт. Башында экөөбүздүн жашообуз азыркыдан да жаман болчу. Жашообузга кайнежемдер көп киришет эле. Кичүү кайнежем жолдошума спирт ичимдиктерин алып берчү. Аны ичип мени сабайт эле. Тамекини колума басчу. «Мен каалаган кызды үйгө алып келем» дечү. Жолго акча берчи мен кетем деп ыйлачумун. Үйдү кулпулап, басып кетчү. Боюмдан түшкөн, челекке заара ушаткан күндөрүм болгон. Боюмдан түшкөндө 15 күн азап тарткам», — дейт келин.