«Жолдошума караганда сөөлжандарды жакшы карайм» дейт сөөлжан баккан аял

SUPERTV бул жолу сөөлжан багып, чоңойтуп, көбөйтүп, алтургай аларга баласындай кам көргөн үй-бүлөнүн үйүнө барды. Бул жайда он тоннадан ашык сөөлжан кармалат.

«Сөөлжан өтө таза келет экен. Оору менен да оорубайт экен. Ооруган учуру болгон эмес. Сөөлжандын пайдасы өтө көп. Булар 24 саат жер семирткич чыгарат экен. Мунун натыйжасында 1 жылда 5 жылдык түшүм алса болот экен. Айына 1 миң доллар киреше табам. Мен буларды жолдошумдан да жакшы карайм»,- дейт Мария Асанова.