Жолдошунан запкы жеген аял жардам сурайт

Чүй облусунун жашоочусу бийликтегилерге аны мурдагы күйөөсүнөн жана анын досторунан коргоону суранып, социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады.

Жаран кайрылуусунда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганы айтылат. Ошондой эле ал буга чейин укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганын жана ага эч кандай реакция болбогонун айтууда.

«Мен, Гүлбахар Билалова, өлкө бийлигине кайрылам. 4-декабрда Новопокровкада мурунку күйөөм эки досу менен мени кармап алып, өлтүрүп салам, балдарды алып кетип, балдар үйүнө өткөрүп беребиз деп коркутушту. Прокуратурага жана УКМКга кайрылдым, бирок майнап чыккан жок. Менин күйөөмдүн ал жакта тааныштары бар. Сураныч, жардам бериңиздер», — деген ал.

Аял беш баласы бар экендигин жана буга чейин турмуш курганын айткан. Бирок күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынгандыктан, ал ажырашууга аргасыз болгонун да кошумчалаган.