«Дааратканадай аялдама». Садыр Жапаров Тамчыдагы 840 миң сомго курулган аялдама тууралуу үн катты

«1,5 ай мурда Тамчынын аэропортунан чыгып, жолго кайрылсак эле жолдун жээгинде даараткана турат. Аялдама даараткана сыяктуу экен». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

«Чалып айттым. «Ким курду, кайсы акчага, канча сом кетти?» деп сурадым. Башкы прокуратура 1 жумадан кийин 840 миң сом кеткенин айтты. Айыл өкмөт куруптур. Ошону мен 40 миң сомго да курбайт элем. 20 миң сомго курмакмын. Кармалды. Азыр 2 эселеп төлөп жатат. Ары жана бери жакка кеткен жолго заманбап аялдама курууга смета даярдалууда. 328 миң сом менен болот экен», — деди Жапаров.