«Жөлөк пул алаар замат батирдин акчасын берем. Балдарга эч нерсе алып бере албайм» дейт келин

SUPERTV бул жолу көп балалуу жардамга муктаж үй-бүлөнүн жашоосун чагылдырабыз. Каарманыбыз “Үйүбүз жок болсо да, 7 балабыз менен байбыз” дейт. Учурда шарты начар батирде жашап, күнүмдүк тамак-ашына араң акча таап келгенин айткан каармандарыбыз тагдырын баяндады.

«Бишкекке келгенибизге 16 жыл болду. Учурда 7 баланын апасымын. Бактылуу үй-бүлөбүз. Жумуштун жоктугунан батирдин акчасын төлөй албай кыйналабыз. Жолдошум менден 10 жаш улуу. Азыр 50 жашта. Жакшы эле иштеп, бакчу. Акыркы 3-4 жылдан бери карыздап кетти. Жөлөк пул алам. Ар бир балага 810 сомдон 4800 сом чыгат. Ага 200 сом кошуп, батирдин акчасын берем. Жөлөк пулдан балдарыма эч нерсе алып бере албайм. Колума тийген күнү төлөйм. Кышында кыйналып, 2 айдыкын бере албай калдым. 5 айга карыз болдум», — дейт келин.