Жөлөк пул алуу үчүн үй-бүлө үйдүн алдында сүрөткө түшүү керекпи? Министрликтин жообу

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары жөлөк пул алуу үчүн үй-бүлө мүчөлөрү жашаган үйдүн сыртында сүрөткө түшүп, керектүү жерге жиберүү керектигин жазышып, сүрөт менен бөлүшүп жатышат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен байланышканыбызда, мындай тапшырма болгонун, азыр токтогонун билдиришти.

«Жарандар арасында жөлөк пул мыйзамсыз дайындалып жатат деген арыз-даттануулар түшкөн. Жакшы жашагандар алышат деген сөздөргө даректүүлүктү күчөтүп аныктоо үчүн жүргүзүлдү. Себеби «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун максаты өлкөдөгү эң муктаж жарандарга жардам берүү, жакырчылыктан чыкканга мумкүнчүлүк түзүп берүү. Ошондой эле быйыл 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сом берүү планыбыз турат. Анын алдында жөлөк пул алуучулардын мүлктөрүн, кирешелерин аныктап даректүүлүк күчөтүү үчүн кылынган. Бирок эч кандай беттерин тартуу болгон эмес, ошондой эле бул азыр токтогон», —  дешти.