Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев жарык өчүрүлүп жатканы тууралуу сөз сүйлөдү.
«Энергетика министрлигинин маалымат кызматы иштейби же иштебейби? Эмне үчүн убагында калкка маалымдабайт. Болбосо жарандарга кайрылат элем, министрликти сотко бериңиздер, жөн эле утуп аласыздар. Себеби биздин келишим боюнча эскертүүсүз өчүрүп койсо келтирилген чыгымды өндүрүп алууга укугуңуздар бар. Ошондо гана булар эсине келет окшойт”, — деди депутат.