Жөн отурбай… «Ош» аэропортунда дүйнөлүк хит ырлардан турган концерт өттү

«Ош» эл аралык аэропортунда классикалык музыканын чыгармаларынан жана дүйнөлүк хиттерден турган концерт өттү. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

Мындай аракет учуп кетүү мүмкүнчүлүгүн күтүп жаткан жүргүнчүлөрдү колдоо максатында ишке ашырылды. Эске салсак, кечээ туруксуз аба ырайына байланыштуу айрым ички авиакаттамдардын графиги жылдырылган.

Белгилей кетсек, мындай концерттер «Ош» аэропортунда ушул жылдын аягына чейин, ар жума сайын өткөрүлө бермекчи.