«Жөнөкөй адамдар жабыркабашы керек». Ташиев «Батуми» кафеси боюнча иш кайра каралышы керектигин билдирди

Бүгүн, 25-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарында жайгашкан “Батуми” тамактануучу жайынын мыйзамсыз бузулушу тууралуу өз жеринен барып таанышып келди. “Батуми” кафесинин ээси Кадича Бечелова УКМКнын төрагасына аларга расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жоктугун айтты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын төрагасы тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды. Мындан тышкары Камчыбек Ташиев кандай гана жагдай болбосун, өзгөчө жөнөкөй жарандар мыйзамсыз түрдө жабыркап калбашы керектигин эскертти.