«Жоокерлерди кыйноо уланууда». Соцтармакта тараган кайрылууга УКМК үн катты

Социалдык тармактарга жарыяланган Каракол шаарындагы чек ара бөлүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча Чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн кызматкеринин кайрылуусу боюнча УКМК маалымат таратты.

Буга чейин ушундай эле арызды аскер кызматкери Жылдыз Асанакунова УКМКга кат жүзүндө берген. Бул билдирүүнүн негизинде УКМКнын тиешелүү органдары Аскер прокуратурасы менен биргеликте тыкыр текшерүү жүргүзгөн, жыйынтыгында Жылдыз Асанакунованын маалыматы тастыкталган эмес.

Ошол эле учурда, 6-февралда республикалык жоокерлердин энелери комитетинин башчысы Уулкан Байгубатованын жетектөөсүндө, Аскердик прокуратурасынын жана УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда кошумча комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү. Документалдуу материалдар изилденип, кызыкдар тараптар менен маектешүү жүргүзүлүп, тиешелүү жайлар текшерилип, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү, тамак-ашы, жашоо шарттары, эс алуу шарттары ошондой эле тамак-ашты сактоо, тамак-аш даярдоо жайлары, тиешелүү санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоолору текшерилди.

Жеринде жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен аскер кызматкери Жылдыз Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок.