«Жоолук маселеси мектептин олуттуу көйгөйүнө айландырылбашы керек». Муфтият депутатка жооп берди

Соңку убакта социалдык тармактарда жоолук маселеси боюнча талкуулар жүрүп, кайым айтышуулардын көбөйүп бара жаткандыгы байкалууда. Муну менен катар Жогорку Кеңештин депутатынын жоолук боюнча айткан пикири жарандын Баш мыйзам аркылуу кепилденген дин тутуу эркиндигине каршы келет жана коомдун дестабилдешүүсүнө жол ачышы мүмкүн. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Жоолук маселеси мектептин олуттуу көйгөйүнө айландырылбашы керек. Ислам дининде аялзатына жоолук салынуу буйругу ыйык Куранда ачык айтылган. Билим берүү мекемелерине жоолук салынып барган окуучу кыздар диний тандоолору үчүн кодуланбашы керек. Андан көрө билим берүүнү жакшыртып, келечек муундардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүп, жакшы тарбиялап чыгуу абзел. Баш мыйзам менен кепилденген дин тутуу эркиндигин тебелеп, билим алууга ынтызар жаштардын аруу тилегин сындырганга эч кимдин акысы жок!  

Ар бир бала эч тоскоолдуксуз эркин билим алууга укуктуу. Балдар биздин эң баалуу байлыгыбыз. Баардыгын жоолук маселесине байлап, балдардын билим алуусуна бут тосуулар басмырлоо жана Баш мыйзам менен кепилденген укуктарын тебелөө деп эсептейбиз. Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы салттуу ислам динин карманууга, исламдын принциптери менен жуурулушкан дөөлөттөрүбүздү, анын ичинде салттуу  кийим-кечебизди унутпоого жана адамдардын дин тутуу эркиндигин сыйлоого чакырат», — деп айтылат маалыматта.