«Жооп берсин!» Кой-Таш окуясында каза болгон офицердин апасы Равшан Жээнбековду сотко берет

2019-жылдагы Кой-Таш окуясында каза болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын офицери Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева экс-депутат Равшан Жээнбековду сотко берүүгө камданып жатканын бүгүн, 8-февралда өткөн пресс-конференцияда билдирди.

Аталган маркум офицердин апасынын айтымында Равшан Жээнбеков анын уулун адам өлтүрүүгө айыптаганы үчүн сот алдында жооп бериши керек.

“Сотко берилет. Жооп берсин. Мыйзам чегинде жооп берүүгө милдеттүү ар бир адам”, – деп айткан Өктөм Мамаева өз сөзүндө.

Эске салсак, 2019-жылдын август айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы Кой-Таш айылындагы үйүндө өтүп, анда жогоруда айта кеткен УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Ошондой эле 175 адам жаракат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.