«Жөрмөлөп жүргөндүктөн тизеден, буттун башынан эч нерсе калбайт» дейт тагдырын баяндаган каарман

SUPERTV бул жолу 50 жаштагы жардамга муктаж кишинин тагдырын баяндайбыз. Каарманыбыз тубаса басуу мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлгөнүн, мындан улам өмүр бою колунун жардамы менен кыймыл-аракет кылып келгенин айтат.

Ал 15 жылдан бери жалгыз жашап келет. «Мен өзүм Нарын облусунун Кочкор районунанмын. Бала кезимден бери ушинтип баса албайм. Жашым 50гө келип калды. Энем мен жаш кезимде эле көз жумган. Бир туугандар өз оокаттарын кылышат. Мага жардам берейин дешсе, өзүлөрүнөн артпай жатат. Өзүлөрү деле араң жашайт. Менин депутат, министр туугандарым жок. Төрөлгөндөн ушундай болуп калдым. Өзүм жалгыз турам. Мектепке барган эмесмин. Атам караңгы киши болуп, окутканга мүмкүнчүлүгү болбой калды. Колясканы да кеч алдым. Аны да бирөөлөр жардам берип, алып беришкен. Шаарга ден соолукту көрсөтөйүн деп келгем. Өзүм айылда жашайм. Жөрмөлөп жүргөнгө эч нерсе түтпөйт. Тизеден да эч нерсе калбайт, буттун башынан да эч нерсе калбайт. Ай сайын бут кийим алып кийе албайсың да, жамап кийип жатам»,— дейт ал.