«Жөтөлүп жүрө берген». Ошто 2 жашар наристеге операция жасалды

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы ата-энелерге дайыма балдарды жакшы кароону, алардын коопсуздугун, тазалыгын сактоону суранып, дагы бир жолу кайрылды.

Кечээ, 8-сентябрда ооруканада бөтөн затты жутуп алган эки жаш эки айлык наристеге операция жасалган. Операцияны дарыгерлер Садык Кутбаев, Үмүт Пазылов, Данияр Масаев, анестезиологдор Давран Шакиров, Замирбек Кадыров жасашты.

Дарыгерлердин айтымында, наристенин кызыл өңгөчүнө туруп калган бөтөн зат эки ай бою билинбей жүргөн. Кээде гана жөтөлүп койгону болбосо, бир нерсе жутканынан кабар болгон эмес. Бөтөн зат кичинекей наристенин кызыл өңгөчүнүн капталына жабышып калган. Учурда баланын абалы жакшы.