ЖРТ-2024: «Сапаттын» 13 бүтүрүүчүсү «Алтын сертификатка» ээ болду

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 13 окуучусу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку баллдарга ээ болуп, «Алтын сертификатка» татыды. Бул тууралуу «Сапаттан» маалымдашты.

Кыргызстандын абитуриенттери арасында 2024-жылдагы ЖРТнын жыйынтыгы белгилүү болуп, эң жогорку упай 234тү түздү. Жогорку упайды Талас «Мээрим» лицейинин бүтүрүүчүсү Эльнура Эркинбекова ээ болду.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «Алтын сертификатка» ээ болгон бүтүрүүчүлөрүнүн тизмеси:

  1. Эльнура Эркинбекова (234) – Талас «Мээрим» лицейи;
  2. Самарбек Абдиманнанов (232) – “Семетей” Кадамжай лицейи;
  3. Рамазан Айдарбеков (231) – М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
  4. Баястан Сталбеков (231) –  Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
  5. Бек Темиркулов (231) –  Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейи;
  6. Ясин Абдурахманов (227) –  Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи;
  7. Карим Асылбеков (227) –  Бишкек Ч.Айтматов атындагы лицейи;
  8. Сыймык Жусубалиев (226) –  Бишкек Ч.Айтматов атындагы лицейи;
  9. Байзак Карыпжанов (226) – Талас “Манас Ата”  лицейи;
  10. Бектемир Доронбеков (225) –  Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
  11. Сапарбек Кадырбеков (225) – Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
  12. Жанбол Жаркынбаев (225)- М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
  13. Арзыбек Сулаев (227)-М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи;

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 56 бүтүрүүчү эң жогорку упай топтоп, «Алтын сертификатка» ээ болду.