ЖРТ упайлары «сатылат» деген Telegram-каналын УКМК көзөмөлгө алат

Буга чейин социалдык тармактагы баракчалардын биринде «Жалпы республикалык тестирлөөнүн суроолорунун жооптору таратылып жатат» деген маалыматтар жарыяланган.  Бул боюнча Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева төмөнкүлөргө токтолду.

«Жалпы республикалык тестирлөөнүн суроолорунун жооптору керек болсо, аны түзүп жаткан биздин мекемеде дагы жооптору жок. Башкача айтканда, ЖРТ-2021ге упай сатып алууну шылуундар гана сунуш кыла алат. Ал эми жарандардан алардын тузагына илинип калбоосун өтүнөт элем. Бир дагы кызматкер, Билим берүү министрлиги, Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борбору бир дагы балл сатпайт, анткени андай болушу мүмкүн эмес. Туура жооптор бүткүл Кыргызстан боюнча тестирлөө жүргүзүлгөндөн кийин гана түзүлөт», — деди ал

Буга чейин бүтүрүүчүлөргө ЖРТ-2021ге упай сатып алууну сунуштаган, ал тургай баалары көрсөтүлгөн Telegram-каналы пайда болуп, коомчулукта чуу жараткан.

Батракееванын айтымында, алар атайын коррупцияга каршы чараларды көрүшкөн жана ЖРТга чейинки тесттердин ачкычтарын (туура жоопторун) түзүшпөйт. Бул аларды сатуунун алдын алыш үчүн жасалат. Ошондой эле бир жума мурун алар бул канал жөнүндө УКМКга билдиришкен, комитет тергөө иштерин жүргүзүп, алдамчыларды аныктарын билдиришкен.