ЖРТдан эң жогорку упайды алган Эрлан Көлбаев: «Чет өлкөгө кетпейм, Кыргызстанда окуйм»

2022-жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында ЖРТдан эң жогорку упайды Бишкек шаарындагы № 70-гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алганы маалым болду. 235 упай алып, Кыргызстандагы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан алдыңкы аталган Эрлан Көлбаев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыскача маек берди.

— Мен кадимки кызматкерлердин үйүндө төрөлгөм. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. 1-класстан бери №70 мектепте окуйм. Мектепте жалаң «5ке» окугам деп айта албайм. Негизги бааларым «4» болчу. Математика, геометрия, физика сабактарына кызыкчумун. Азыр бизнес класс багытына которулгандыктан экономикага кызыгуум артып баштады. Келечекте экономика багытын тандайын деп жатам. Чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү болгонуна карабай Кыргызстанда калгым келет. Буюрса, жогорку окуу жайга экономика багытына тапшырам.

Чынында тест тапшыруу мага жеңил болгон жок. Жогорку упай алсам керек деп үмүттөнүп жаткам, бирок эң алдыңкы упайды алам деп күткөн эмесмин. Алгач кубанычтуу кабарды досторумдан уктум. Көпкө чейин ишене албай, такталганда гана ата-энеме сүйүнчүлөдүм. Бул ийгилигим үчүн мектептеги сабак берген мугалимдериме ыраазычылык айтам. Ал эми мектепте окуган балдарга жакшы окугула, өзүңөргө ишенгиле демекмин.