ЖРТдан жогорку упайды алган үч бүтүрүүчү тең Бишкектен

2022-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Эрлан Көлбаев 235 упай алып, биринчиликти багынткан.

2-орунду 231 балл менен №62 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Артём Марченко алса, 3-орунга 228 балл менен №28 мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Кубан Жапаров ээ болду.