Бишкекте коронавируска чалдыккан 20-30 жаштагылар реанимацияда жатышат

Жугуштуу оорулар ооруканасында коронавируска чалдыккан бейтаптар үчүн орундар калган жок. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев билдирди.

Башкы дарыгердин айтымында, былтыркы абалдан айырмаланып, быйыл бейтаптардын басымдуу бөлүгү жаштар. «20-30 жаштагы жаштар реанимацияда жатышат. Жасалма дем алдыруучу аппаратка 111 бейтап туташтырылган. Бул абал абдан тынчсыздандырууда», — дейт Гүлжигит Аалиев.

Жугуштуу ооруларды дарылоочу мекеме 400 бейтапка ылайыкташтырылган.