Жумгалдагы Арал — Миң-Куш унаа жолу ачылды

Жумгалдагы Арал — Миң-Куш унаа жолу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

1-майда саат 15:00 чамасында Жумгал районунун Арал — Миң-Куш унаа жолунун 20-чакырымында жер көчкү Миң-Куш дарыясын жарымын басып калып, суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолдун болжол менен 35-40 метр аралыгын жеп кеткен. Унаалардын өтүүсүнө кооптуу абал болгонуна байланыштуу унаа жол убактылуу жабылган. Кечээ, 3-май күнү унаа жол бир тараптуу ачылды.