Жумгал элинин жолго байланышкан нааразычылыгы боюнча Транспорт министрлиги үн катты

Транспорт министрлиги жергиликтүү калктын бул маселе боюнча тынчсыздануусун жакшы түшүнөт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттигине аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Транспорт жана жол министрлигинин билдирүүсүн толугу менен беребиз:

«Азыркы учурда массалык маалымат каражаттарында Эпкин-Башкууганды жолунун тилкесини курулуш долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалымат активдүү талкууга алынууда. Мурда бул жерде Италиянын “Тодини” компаниясы иштеген. Бул долбоор Кыргызстандын Транспорт министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банктын каржылоосунда ишке ашырылган.

“Тодини” компаниясы менен келишимге 2018-жылдын 7-сентябрында кол коюлган, жана ушул эле жылдын 13-ноябрынан тартып подрядчы ишке киришкен. 2019 жана 2020-жылдын аралыгындагы курулуш мезгили ичинде подрядчы тарабынан болгону 9,5% жумуштар аткарылган. Башкача айтканда, жер жумуштар да бүткөрүлгөн эмес, ошол эле мезгилде келишимдин 69% убактысы пайдаланылган.

Транспорт министрлиги жергиликтүү калктын бул маселе боюнча танчсыздануусун жакшы түшүнөт. 2020-жылдын 1-декабрынан баштап Транспорт министрлиги Азия өнүктүрүү банкы менен макулдашып подрядчы “Тодини” компаниясы менен келишим мөнөөтүнөн мурда коррупцияга байланыштуу токтотулуп, кайра жаны подрядчыны тандоо үчүн жаңы тендер дайындоо боюнча процедуралар башталды.

2020-жылдын 1-декабрынан тартып азыркы убакытка чейин долбоорлор тилкесинде Тодини компаниясы тарабынан аткарылган жумуштардын көлөмүн аныктоо боюнча иштер, ошондой эле топосъемка жүрүүдө.

Белгилей кетсек, жаны подрядчыны тандоо Азия өнүктүрүү банкынын процедураларына ылайык жүргүзүлөт. Бул үчүн убакыт керек.

Транспорт министрлиги  процедураны тездетүү боюнча бардык зарыл чараларды көрөт жана подрядчы июнь, июль айларында тандалып ишке киришет деп пландалууда.

Буга чейин жаңы подрядчы жумушту баштаганга чейинки өткөөл мезгилде долборлоо тилкесин күнүмдүк кармоо жергиликтүү Жол тейлөө ишканалары (№24 жана №955) тарабынан аткарылууда.

Ошондой эле транспорт министрлиги тарабынан долбоорду ишке ашырууга тартылган жергиликтүү компаниялардын жана жеке жактардын алдында түзүлгөн карыздарды жою маселесин чечүү боюнча иш-аракеттер каралууда. Булар көптөгөн ижара берүүчүлөр жана жеке жактар, айрыкча “Енисей” строй компаниясында иштегендер. Аларга болгон карыз бир жылдан бери төлөнбөй келе жатат. “Тодини” компаниясынын 2020-жылдын мезгилиндеги карыздары бар. Аларды жоюу боюнча бул компаниянын жетекчилиги менен Транспорт министрлиги тарабынан сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жогоруда айтылган маселелер Транспорт министрлигинин туруктуу көзөмөлүндө турат жана биринчи кезектеги тартипте чечилет».