Бүгүн, 1-ноябрда Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери таңкы саат 7:45те башталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жумгал районунда ӨКМден жана ИИМден болуп 81 кызматкер, жергиликтүү жарандар менен жалпы 107 адам жеринде издешет. Издөө иштери жеринде министрдин орун басары Шамыркановдун жетекчилигинде жүрүүдө.
16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип дайынсыз жоголгон.