Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө бүгүн 104 адам чыкты

Бүгүн, 30-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө жалпы 104 адам 9 дрон менен чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын ичинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 58 куткаруучу, 6 дрон тартылган. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин 20 милиция кызматкери 3 дрон менен, ал эми жергиликтүү тургундардан 26 адам издөөгө чыгышты.

Тартылгандар баары 20 топко бөлүнүп жеринде иш алып барышат.