Жумгалда эл нааразычылык акциясына чыгып жолду тосуп салышты. Видео

Бүгүн, 10-мартта жолдун абалына нааразы болгон жумгалдыктар жол тосушту. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттигине өздүк булактар билдирди.

Нааразы болгондор Жумгал айылынын кире беришине чогулуп, жолдун эки тилкесин тең тосуп, унааларды саат 09:00дөн тартып өткөрбөй турушкан.

Өздүк булактар билдиргендей, жол тосууга болжол менен 100 чакты тургун чогулган. Учурда алар нааразычылык акциясын улантып, райондук акимчиликтин имаратын көздөй жөнөшкөн.

Буга чейин Жумгалдыктар Вотсап, Телеграмдан атайын топторду түзүп, сүйлөшүп, жол жабууну көздөп жатканын билдиришкен эле.