Жумгалда жоголгон ата-баланы 100гө жакын адам издеп жатат

Бүгүн, 29-октябрь саат 09:00гө карата ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери улантылып жатканын билдирди.

«Бүгүн, 29-октябрь күнү таң эрте ӨКМ тарабынан издөө иштерин күчөтүү максатында 42 куткаруучу жана 6 дрон жөнөтүлдү. Мындан сырткары ИИМдин 35 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам дагы катышууда. Үмүтүбүздү үзбөй, жарандарды аман-эсен табууга аракетибизди улантабыз»,- деп жазды ал.