«Жумгалда жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду» деген видео тарады

Социалдык тармактарда «Жумгалда жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду» деген видео тарады.

Анда оор жүк ташуучу унаа менен Honda CR-V сүзүшүп, айланып кеткен оор жүк ташуучу машинанын арткы жагы алдында бараткан Audi унаасын оодара койгон.

Кырсыкта жабыркагандар тууралуу белгисиз. Милиция азырынча маалымат бере элек.