Жумгалда жүрөк үшүн алган жол кырсыкта 3 адам каза болду

Социалдык тармактарда «Жумгалда жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду» деген видео тараган. 

Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат берип, кесепетинен 3 адам каза болгонун билдирди.

«26-октябрь күнү саат 18:35 чамасында Жумгал районунун Куйручук айылында Ауди-80 үлгүсүндөгү унаа күн чыгыштан күн батышты көздөй барып, Куйручук айылына батышты карай бурулуу үчүн токтоп турган учурда, анын аркасынан Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатып жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жаткан Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаасынын мандайынан сүзүп, ошол эле учурда Ауди-80 автоунаасын арткы оң каптал борту менен сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Хонда СРВ унаасындагы 3 адам каза болгон.

Бул факты боюнча Жумгал РИИБдин кылмыштарды жана жоруктарды каттоо китебине каттого алынып тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө»,— дешти.