Жумгалда мал кайтарууга кетип, дайынсыз болуп жаткан ата-бала табыла элек

21-октябрда ӨКМ маалымат таратып, Жумгалда 45 жана 9 жаштагы жарандар дайынсыз болуп жатканын билдирген. 

«Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары мал кайтарууга жайлоого кетип, 16-октябрдан бери дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн»,- дешкен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги буга чейин Нарын ОИИБге кайрылганыбызда, «Дайынсыз болуп жаткандар 45 жаштагы атасы менен 9 жаштагы баласы» дешкен.

Кечээ, 24-октябрда Нарын ОИИБ жарандар изделип жаткандыгын, табыла электигин билдирди.