Жумгалда 45 жана 9 жаштагы жарандар дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары мал кайтарууга жайлоого кетип, 16-октябрдан бери дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 20-октябрь күнү түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө кечээ, 20-октябрда ӨКМден 11 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 60 адам жалпы 83 адам тартылып, издөө жумуштарын аткарып натыйжа болгон эмес.