Бүгүн, 4-ноябрда Нарындын Жумгалында ата-баланы издөө кайрадан таң эрте уланды. Ага жалпысынан 56 адам, 4 дрон тартылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаев кечээ, 3-ноябрда жоголгон адамдардын апасы Жыпариса Сыдыковага, үй-бүлөсүнө жолугуп, издөө иштеринин жүрүшү тууралуу баяндап, мындан ары ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнүн куткаруучулдары издөөнү улантарын билдирди. Анын айтымында, ата-баланы издөө иштери дарыя жээктери, кооптуу жана күмөн жараткан кокту-колоттордун бардыгы жөө, атчан жана дрон аппараттарынын жардамы менен каралып чыкты. Издөөнүн алгачкы фазасында куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар баш болуп, 100дөн ашуун адам чыгышты.
16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 19-октябрда түшкөн. Андан бери издөө иши ӨК министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө жүрүүдө.