Жумгалдагы жол тосуу. ИИМден кырдаал туруктуу экенин билдиришти

Жумгал районунда жол тосууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда ИИМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, Жумгал районунда болгон жол кырсыктан улам 12-декабрда Арал-Кочкор жолун тосууга келген элдин талаптарын Жумгал РИИБдин начальниги жана райондук администрациянын аппарат жетекчиси угушуп, нааразы болгон элге түшүндүү иштерин жүргүзүшкөн. Алар «Баш Кууганды-Эпкин жолунда тейлөө иштери тынымсыз жүргүзүлсүн, жолго тынымсыз суу сээп турушсун, жол жакшылап каралсын” деген негизги талаптарды коюшкан. Жолугушууга барган Түндүк-Түштүк альтернативдик коридоруна кирген Баш Кууганды-Эпкин жолун оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан ишканадан жолду толугу менен тейлөөнү, жолго суу сээп турууну, түртүп түздөп турууну үзгүлтүксүз колго ала тургандыгын билдиришти.

«Алардын жолду тейлөө боюнча ишмердүүлүгүн толугу менен көзөмөлгө алууну Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы алды. Ошондон кийин жергиликтүү жарандар тарап кетишти. Учурда жергиликтүү тургундар менен Жумгал районундагы тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда атайын жыйындар өткөрүлүп, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Аталган аймакта  эч кандай мыйзам, тартип бузуу фактылары катталган жок, саясий кырдаал туруктуу», — деп айтылат маалыматта.

12-декабрда Нарын облусунун Жумгал районунда жергиликтүү тургундар Кара-Кече кенине баруучу жолду бууп салышкан. Алар тынымсыз чаңдан дем ала албай жатышканын айтышты. Тургундар бул жол кырсыктардын санын көбөйттү деп эсептешет.