Соцтармакта 10 жумуртканын баасы 160-170 сомго жеткен сүрөт тарады. Бул тууралуу Спутник жазды.
Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин айтымында, буга Казакстан менен Россиядагы баанын жогорулашы таасир этиши ыктымал. “Бирдиктүү рынокто болгондуктан, коңшу өлкөлөрдөгү өзгөрүүлөр бизге да таасир берет”, — деди адис.
Ошондой эле ал буга чейин өлкөдө тооктор эмделгендиктен аз тууп, бул дагы баага таасир эте турганын божомолдоду.
Чекирбаев былтыр баа өтө төмөн болуп, айрым чакан чарбалар банкрот болуу коркунучуна кептелгенин, андыктан кымбаттоо фермерлердин абалын турукташтырууга жардам берерин кошумчалады.