Жумуш убактысында оюн ойноп отурган кызматкер иштен бошотулду

Жумуш убактысында оюн ойноп отурган кызматкер иштен бошотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгындагы кызматкер жумуш учурунда компьютердик оюн ойноп отурган видео социалдык тармактарда тараган. Окуя 8-июль күнү болгон.

«Эмгек кодексинин 43-беренесине ылайык, М.Н.Н. 2025-жылдын 10-июлунан баштап аталган башкармалыктын долбоорлоо бөлүмүнүн адиси кызматынан бошотулду. Ал эми Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук районундагы башкармалыгынын жетекиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 146-беренесине ылайык тартиптик жазага тартылат»,- деп айтылат маалыматта.