Журналист Болот Темиров АКШнын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча сыйлыгына татыды

“FactCheck.kg” cайтынын башкы редактору Болот Темиров АКШ мамлекетинин департаментинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына арзыды.

Темировго бул сыйлыкты кечээ, 23-февраль күнү АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу тапшырган. Анда элчи, журналист Болот Темиров бул сыйлыкка КМШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан татыктуу деп табылган жалгыз адам экенин айткан.

Ошондой эле Темировда бул сыйлыкка өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына дүйнө жүзү боюнча ачык-айкындуулук үчүн күрөшкөн 12 журналисттин ичинен ал тандалганын жазган.

«Мен бул сыйлыкты алган дүйнө жүзү боюнча алгачкы 12 кишинин катарына киргениме сыймыктанам. Эң башкысы, Кыргызстан бүткүл дүйнөгө таанылып жаткандыгына кубанычтамын. Коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүп жатканыбызды жана бийликтин ачык иш алып барууга бет алып, отчеттуулугун жогорулатуу жолуна түшкөнүн бүткүл дүйнө билет. Кыргызстандык жалпыга маалымдоо каражаттары  өлкөнү жакшы жакка өзгөртө ала турган көз карандысыздыктын жана эрдиктин деңгээлине жете алды», — деп билдирген Темиров.

Белгилей кетсек, Болот Темиров коомчулукта иликтөөчү журналист катары таанымал. Ал Райымбек Матраимов менен Камчыбек Көлбаевдин иштерине иликтөөлөрдү жүргүзүп, коомчулукка алардын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп жарыялаган журналисттердин бири.  Ошондой эле Темиров мындай журналисттик иликтөөлөрүнүн айынан бир канча жолу токмок жеп, белгисиз адамдар тарабынан сабалганын да айтып келет.