Журналист Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин атайын сыйлыгына ээ болду

“FactCheck.kg” cайтынын башкы редактору Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына татыды.

Темиров дүйнө жүзү боюнча ачык-айкындуулук үчүн күрөшкөн 12 адам менен катар Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыктын ээси деп жарыяланды. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, көпчүлүк талапкерлердин арасында Темиров уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга көңүл бурган иликтөөчү журналист катары сыйлыкка ээ болду.

“Кыргызстан көптөгөн өлкөлөрдүн жаңылыктарында пайда болду. Бул эң башкысы. Жарым жылдан ашык убакыт мурун мени талапкерлердин катарына кошуумду суранышканда, каршы болгон жокмун. Биздин коррупцияга каршы күрөшүбүздү, биздин журналистиканын өнүгүп жатканын бүт дүйнө билсин, кыялдануу зыян эмес деп ойлодум. Күтүлбөгөн жерден 12 кишинин катарына кирүү мен үчүн чоң сыймык” — деп билдирди Болот Темиров.