Журналист Болот Темиров анын үстүнөн дагы 3 кылмыш иши козголгонун айтты

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун үстүнөн дагы 3 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал муну УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевдин компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы боюнча акыркы иликтөө менен байланыштырат.

«Биз Ташиевдин балдары жана алардын мамлекеттик тендерлердеги алгачкы жеңиштери боюнча иликтөөнү жарыяладык. Алардын жообу көпкө күттүргөн жок. Мен Бишкек ШИИБге чакырылып, дагы үч кылмыш иши менен тааныштым. Анын үстүнө үчүнчү иш бир күн мурун саат 11:00дө ачылган. Мен жана менин командам иликтөөбүздү улантабыз», — деп жазган ал.