Журналист Болот Темировдун иш бөлмөсүндө тыңшоо жүргүзүлгөн эмес

Factcheck.kg сайтынын негиздөөчүсү Болот Темиров кеңсесинде табылган аппараттын тыңшоо аппараты болбогонун айтты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Биздин адистер шыпты бузуп, байланышты карашты. Биз ал жабдуунун иштебегенин жана мурунку ээлери тарабынан видеокөзөмөл камералары менен бирге колдонулганын билдик»,- деп жазды ал. 

Темиров кечээ, 17-октябрда кеңсесине белгисиз адамдар тыңшоочу аппарат орнотконун айтып чыккан.